Садыр Жапаров: "Туугандарыңар дагы “элдин баласы болчу” деп ыйламсырап чыкпасын!"

Өлкө башчы Садыр Жапаров тааныш же акчанын күчү менен айдоочулук күбөлүк алууга жол берилбей турганын эскертти. Бул тууралуу мамлекет башчысы бүгүн, 12-ноябрда Фейсбук баракчасына жазды.

Анда ал “Унаа” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү, алардын иштөө ыкмасы оңолуп, жөнгө салынганча жеке көзөмөлүндө болорун билдирди.

"Баарынан мурда айдоочулук күбөлүк, кадимки эле “права” берүү жол-жобосуна өзгөчө көңүл буруу зарыл болуп турат.
“Унаа” мамлекеттик ишканасынан айдоочулук күбөлүктү сатып алуу мүмкүндүгү, айрым чиновниктердин, айрыкча, күч түзүмдөрүндө иштеген аткаминерлердин айдоочулук күбөлүктү тууган-туушкан, жээк-жаатына белек катары берип келгени эч кимге жашыруун эмес.
Мындан тышкары ар кыл коррупциялык схемаларды түзүп, мамлекеттик кызматты жеке өз кызыкчылыгына пайдаланып, киреше табуунун булагы катары көргөндөр да жок эмес. Аларга аёо болбойт.
Айдоочулук күбөлүккө ээ болуунун адилеттүү жолу катары компьютердик экзамендер киргизилген. Ушуга байланыштуу дагы бир мисал, бир тууганымдын кызы айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынакка сегизинчи жолу кирейин деп даярдык көрүүдө. Бул эң туура жана кубаттоого арзый турган чечим деп эсептейм.
Андыктан сиздерди дагы бул тармактагы чирип бараткан системаны жоюуга салым кошууга чакырып кетер элем.
Анткени компьютер аркылуу гана сынак тапшыруу керек деген талаптар болгонуна карабай, аны да айланып өтүү амалдарын көргөндөр болууда. Төмөндөгү сүрөттөр менен тасмада “Унаа” ишканасынын Жалал-Абаддагы филиалында айдоочулук күбөлүктү мыйзамсыз берүүнүн айла-амалы кылып зымсыз “мышка”, дүрбүгө чейин колдонулганын көрүүгө болот. Алар терезеден шыкаалап, сынактагы жоопторду тууралап турушкан.
Эми мунун кесепеттери айтпаса да түшүнүктүү. Бул өлкө боюнча дээрлик күн сайын катталаган жол кырсыктарына, бейкүнөө каза болууларга себеп болуп келет. Канча деген жарандарыбыз кан жолдо набыт болуп кетүүдө.
Ошондуктан эми мурдагыдай тааныш-билиш же акчанын күчүнө салып айдоочулук күбөлүк алууга жол берилбейт. Андайга баруу аракеттерине мыйзам чегиндеги кескин жана катаал чаралар колдонулат.
Кайсы кызматкер прокуратуранын кайсы кызматкерине чалганы, ким-кимге “крыша” болуп берем деп ишендиргенинен бери толук маалымат менде бар. Андыктан акыркы жолу эскертем, мыйзамсыз иш-аракеттерге барууңарды токтоткула! Эртең анан туугандарыңар дагы “элдин баласы болчу” деп ыйламсырап чыкпасын!
Унааны башкарууга жол кыймылы эрежелерин мыкты билген айдоочунун отурушу менен жол кырсыктарынын саны, анын натыйжасында адам курмандыктарынын да саны азаят", - деп жазды өлкө башчы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Antiradikal11
2022-11-13 14:56:00
Бул аферист куну туну соц.тармактарда жашайт окшойт, как будто бекерчи, делать нечего. Муну билгенде президент кылып шайлабай эле койсонор болмок экен эле. Билек туруно иш кылгандын ордуна кечке соц.тармактарда ушак андыйт........
+3
Antiradikal11
2022-11-13 14:58:00
Эми беспроводной мышка менен дурбуго келсек, мындай учур единичный. Экзамен алгандарга тыйын бербегендер кармалып жатат..... Ар куну Кыргызстан боюнча жуздоп миндеп жарандарыбыз сынак тапшырып жатат, айдоочулук куболук алуу учун. Ошолор оз кучу менен отуп жатабы? Жок. Коррупция. Пара беруу менен отуудо.
+2
Antiradikal11
2022-11-13 15:01:00
Сынакка кирип сынакты ийгиликтуу тапшырган 100 адамдын болсо болсо 2-3у оз кучу менен сынак тапшырат. Калганы экзаменаторго же куболук берген кызматкерлердин бирине пара берет заранее. Пара бергендердин ордуна экзамен алган кызматкер озу жооп берет суроолорго. Сынакка адамдар келет, идентификациядан отушот, сынак башталат. Андан ары кызык башталат.
+4
Antiradikal11
2022-11-13 15:03:00
Сынак тапшырып жаткандар мышканы ары бери жылдырып мониторду карап тура берет. Ал эми сынак алган кызматкер оз компьютеринен сынак тапшыруучулардын компьютерлерине туташып кезеги менен пара бергендердин суроолоруна жооп берип чыгат. Жыйынтыгында эч нерсени билбесе да пара берип сынактан отту болуп чыгат......
+3
Antiradikal11
2022-11-13 15:05:00
Аферист Садырынар ишенген компьютер аркылуу сынак тапшыруудагы "акыйкаттык, чындык, оз кучу менен сынак тапшыруу" мына ушул болот........
+3
munduz2016
2022-11-14 06:29:00
Коррупция токтогон жок, кымбаттады.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан