Жалал-Абад шаарында жаш жоокерлер ант беришти

Жалал-Абад шаарындагы 704-аскер бөлүгүндө жаш жоокерлер ант беришти. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-ноябрда күзгү чакырылыштагы жаш аскерлердин ант берүү аземине Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, 704-аскер бөлүгүнүн өздүк курамы, ардагерлер, жоокерлердин жакындары катышкан.

"Иш-чарада төрага Нуртилек Орозбаев жаш жоокерлерге эл-жерди коргоодо, аскердик милдетти так аткарууда жана кынтыксыз кызмат өтөөдө жоопкерчилик маанилүү экенин баса белгиледи. Ал эми жоокерлердин ата-энелери мындагы аскер бөлүктө жоокерлер үчүн жаратылган бардык шарттар көңүл жылытаарлык экенин билдиришип, жоокерлерге ийгилик каалашты", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан