Бишкектеги Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн аймагы иретке келтирилүүдө

Бишкектеги Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн аймагы иретке келтирилүүдө. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлашты.

"Бишкектин аза кызматын көрсөтүү агенттигинин кызматкерлери ИИМдин жана башка шаардык кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте 40 тонналык эки темир контейнерди демонтаждоодо. Контейнерлерди көп жылдан бери көрүстөндүн мурдагы кызматкерлери мыйзамсыз ээлеп келишкен. Алардын коммерциялык иш жүргүзүүгө келишимдери жана уруксаты жок", - деп айтылат маалыматта.

Түштүк-Батыш көрүстөнү 2021-жылдын 1-январында сөөк коюуга бекер жер тилкелеринин жоктугуна байланыштуу жабылган.

Белгилей кетсек, Бишкектин аза кызматын көрсөтүү агенттигинин балансында жалпысынан алты көрүстөн бар: Түштүк-Батыш, Гроздь айылындагы, Ала-Арча көрүстөндөрү, ал эми Северное, Боордоштор жана Дунган көрүстөндөрү жабык.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан