“Дасторкон” дүкөнү Бишкек мэриясын сотко берди

Бишкек шаардык мэриясы “Дасторкон” дүкөнүнүн кошумча курулушу боюнча маалымат таратты.

Ага ылайык, 2016-жылдын 22-мартында “Дасторкон” дүкөнүн жеңил конструкцияда кеңейтүү үчүн Чүй проспектиси №26 дарегинен кошумча 0,0051 гектар жер тилкеси берилген. Кошумча келишим менен колдонуу укугун 2023-жылдын 15-мартына чейин узартылган.

Кийинчерээк 7-Апрель көчөсүнө Чүй проспектисинен темир жолго чейин веложолу бар сквердин курулушун ишке ашырууга байланыштуу, 2019-жылдын 6-ноябрында жер тилкелерине укук берүү боюнча комиссиянын чечими менен ижара келишимин бузуу чечими кабыл алынып, "Дасторкон" дүкөнүнүн кошумча курулушу алынган.

"Бул чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жыл өткөндөн кийин ижарачы Чүй проспектисиндеги тротуарды тоскон дүкөнгө кошумча курулушту жайгаштыруу үчүн ижара келишимин бузуу боюнча ыйгарым укуктуу органдардын аракеттерин мыйзамсыз деп таануу жөнүндө сот органдарына кайрылат. Дүкөндүн ижарачысы тротуар болгон аймакты басып алууга аракеттенүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан