Бишкекте өтүп жаткан самбо боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык Бекболот Токтогонов алтын байгеге ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, спортчу 98 килограммдан жогоркулар арасында чемпиондукту багындырды.
Буга чейин Дайырбек Карыяев күжүрмөн самбо боюнча 79 килограмм салмак ктегориясында алтын, Феликс Уланбеков 71 килограмм салмакта күмүш, 88 килограмм салмак категорияда Жамалбек Асылбек уулу жана күжүрмөн самбо боюнча 64 килограмм салмак ченинде Саяк Бараканов коло байгеге ээ болгон.
Чемпионаттын байге фонду 231 миң долларды түзөт.
1-орун- 4000 доллар;
2-орун- 3000 доллар;
3-орун- 2000 доллар.
Белгилей кетсек, самбо боюнча Дүйнө чемпиондугуна 51 өлкөнүн спортчулары катышууда. Мелдеш 11-13-ноябрь күндөрү “Газпром” ден соолукту чыңдоо борборунда өтүүдө. Ага Кыргызстандын атынан 21 спортчу аттанган.