Бишкек шаарында өтүп жаткан самбо боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык Дайырбек Карыяев алтын байгеге ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 79 килограмм салмак категориясында күжүрмөн самбо боюнча Дүйнө чемпиону аталды. Дайыр Карыяев ИИМдин ички аскерлеринин №705 аскер бөлүгүнүн кызматкери.
Кечээ, 11-ноябрда мелдештин биринчи күнү кыз-келиндер арасында 50, 54 жана 59 килограмм салмак категорияда, эркектер арасында 58, 64 килограмм жана күжүрмөн самбо боюнча 79, 98 килограмм салмак категорияларында беттештер өттү.
Белгилей кетсек, самбо боюнча Дүйнө чемпиондугуна 51 өлкөнүн спортчулары катышууда. Мелдеш 11-13-ноябрь күндөрү “Газпром-балдарга” ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт.