Кыргызстандык эки спортчу самбо боюнча Дүйнө чемпиондугунда коло байгеге ээ болду

Бишкек шаарында өтүп жаткан самбо боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык спортчулар Жамалбек Асылбек уулу жана Саяк Бараканов коло байгенин ээлери болушту. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Жамалбек Асылбек уулу күжүрмөн самбо боюнча 88 килограмм салмак категорияда үчүнчү орунду багындырды. Ал ИИМдин ички аскерлеринин №705 аскер бөлүгүнүн кызматкери.


Ал эми Саяк Бараканов күжүрмөн самбо боюнча 64 килограмм салмак даражада коло байгеге ээ болду.

Бүгүн кыз-келиндер арасында 65, 72 килограмм салмак категорияда, эркектер арасында 71, 88 жана +98 жана күжүрмөн самбо боюнча 58, 64 килограмм салмак категорияларында беттештер өтүп жатат.

Кыргызстандан спортчулар Феликс Уланбеков (71 килограмм) жана Бекболот Токтогонов (+98 килограмм) чемпиондуктун финалына чыгышты. Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат.

Белгилей кетсек, самбо боюнча Дүйнө чемпиондугуна 51 өлкөнүн спортчулары катышууда. Мелдеш 11-13-ноябрь күндөрү “Газпром-балдарга” ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан