Ош шаарында жалпы ишембилик өттү

Ош шаарында жалпы ишембилик өттү. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Ага ылайык, ишембиликке мекеме-ишкана, муниципалдык аймактык башкармалыктардын эмгек жамааттары жана шаар тургундары чыгышты.

Ишембиликтин жүрүшүндө ар бир мекеме-ишканалар өздөрүнө бекитилген аймактарда санитардык тазалоо жумуштарын жүргүзүшсө, жашоочулар тарабынан көп кабаттуу үйлөрдүн короолорундагы бак-дарактардан түшкөн күзгү жалбырактарды чогултуу иштери аткарылды.

Ош-Тазалык” жана “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканаларынын атайын техникаларынын жардамы менен 2200 метр куб таштанды чыгарылды", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары Черемушки кичи районунун Краснофлотская көчөсүндөгү №5 А көп кабаттуу үйүнүн алдындагы мыйзамсыз курулуштар иретке келтирилип, 6 камАЗ таштанды чыгарылгандыгы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан