Стамбулдагы жардыруу: Тышкы иштер министрлиги окуя боюнча үн катты

Түркиянын Стамбул шаарындагы жардыруудан каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

"Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок экенин билдирди. Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу Түркиянын бийлиги менен байланышта", - деп билдиришти министрликтен.

Кечээ, 13-ноябрда Стамбулдагы Истиклал көчөсүндө алты адамдын өмүрүн алган жардыруу болду. Полиция бул жардырууга шектелип аял киши кармалганын билдирди. Алдын ала маалымат боюнча, кармалган шектүүнүн күрт террордук уюмдарына тиешеси бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан