Бүгүн, 14-ноябрда Бишкекте "Кандагы канттын деңгээлин билип ал" аталышындагы акция өтүүдө. Бул тууралуу Ден соолукту чыңдоо борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, акция бүткүл дүйнөлүк кант диабетине каршы күрөшүү күнүнө карата уюштурулуп, "Бишкек Парк" соода борборунда өтүп жатат.
Шаар тургундары жана коноктору 14-15-ноябрь күндөрү саат 10:00дөн 13:00гө чейин бекер кандагы канттын деңгээлин текшерте алышат.
Маалымат үчүн: Кыргызстанда кант диабети менен жабыркап расмий каттоодо турган 74 810 адам бар. Жыл сайын аталган дартка чалдыккандардын саны 5-7 миңге чейин көбөйүүдө. Көпчүлүк кыргызстандыктар кант диабети менен ооруганын билишпейт же оорусуна тийиштүү көңүл бурушпайт.
Эскертүү: Анализ ач карын алынат.