Чүй облусундагы №16 түзөтүү мекемесиндеги соттолуучуларга 10 ай ичинде 54 паспорт берилди. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Жазаларды аткаруу кызматынан маалымдашты.
Ага ылайык, бул иш өкмөттүн 2019-жылдын 27-декабрындагы №716 Жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан адамдарга, СИЗОдогу шектүү жана айыпкер катары катталгандарга паспорт берүүнү жана жөнгө салуучу токтомунун талаптарына ылайык жүргүзүлүүдө.
"Жаза аткаруу кызматынын Чүй облусундагы №16 түзөтүү мекемесинде мыйзам бузган адамдарды социалдаштыруу процесси активдүү уланууда. Паспорттоштуруунун аркасында буга чейин 15 соттолуучунун никеси мыйзамдуу түрдө катталып, бул тууралуу тиешелүү күбөлүккө ээ болуп, үй-бүлөлөрү менен социалдык байланышты чыңдоого кызмат кылууда. Мындай жардам алар абактан чыккандан кийин кылмыш жолуна кайтпай, коомдо өз ордун табууга шарт түзөт", - деп айтылат маалыматта.