Ички иштер министрлиги күзөт кызматкерлеринин айлыгы жакын арада көтөрүлөрүн билдирди

Ички иштер министрлигинин күзөт кызматынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу маселеси жакынкы аралыкта чечилет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

“Ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамдын 8-беренесине ылайык иш ИИМдин 2020-жылдын 10-февралындагы №75 токтому менен бекитилген күзөт кызматы жөнүндө жобо менен регламенттелет.

Күзөт кызматы жөнүндө жобонун 17-пунктуна ылайык, менчик ээлеринен келишим боюнча келип түшкөн өзүн-өзү актоо, өзүн-өзү каржылоо принциптеринде жана атайын эсептин каражаттарынын эсебинен кармалат. Мындан тышкары ИИМдин Күзөт кызматы жөнүндө жобонун 19-пунктунда акы төлөнүүчү кызматтарга тарифтер (баалар) күзөт кызматынын бөлүмдөрүн күтүүгө кеткен чыгымдарды жабуу үчүн зарыл болгон минималдуу нарктын чегинде түзүлөөрү белгиленген.

Мында тарифтерди түзүү акы алууга баалардын прейскурантына ылайык, өкмөттүн токтому менен бекитилген акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтерди (бааларды) түзүү методикасы жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт. Башкача айтканда, Күзөт кызматынын күзөт кызматын көрсөтүүгө болгон баа саясаты катуу мамлекеттик жөнгө салынаарын белгилей кетүү керек.

Республикалык бюджеттен каржылануучу аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын акчалай үстөк пулдарынын жогорулагандыгына байланыштуу, азыркы учурда Күзөт кызматы тарабынан кызмат көрсөтүү келишимдерди кайра түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Иш-чаралар аяктагандан кийин ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлерине 1-октябрдан баштап үстөк пулдары толук көлөмдө кайра эсептөө жүргүзүлөт. ИИМдин башка түзүмдүк бөлүмдөрүнөн айырмаланып, Күзөт кызматы республикалык бюджеттен каржыланбай тургандыгын эске алуу зарыл", - деп билдиришти ИИМден.

Белгилей кетсек, буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында ИИМдин күзөт кызматкерлери айлык акыга байланыштуу кырдаалдан улам митингге чыгууну көздөп жатканы тууралуу маалымат тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан