Чүйдө үй-бүлөлүк зомбулуктун жана эрте никеге туруунун алдын алуу боюнча жыйын өттү

Чүйдө үй-бүлөлүк зомбулуктун жана эрте никеге туруунун алдын алуу боюнча мамлекеттик органдардын жыйыны өттү. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Ага ылайык, Чүй РИИБинин Коомдук коопсуздук кызматынын демилгеси менен уюштурулган иш-чарга Чүй районунун акими Жыргалбек Шакиев, анын орун басары Алтынай Калыкова, райондук прокуратуранын, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары, орто мектептердин директорлору жана социалдык педагогдор, айыл имамдары, Чүй РИИБинин аймактык тескөөчүлөрү катышты.

Жыйында Чүй райондук милициянынын Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Рысбек Сардарбеков район ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктун жана эрте никеге туруунун алдын алуу багытында аткарылып жаткан иштер, катталган фактылар боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу баяндама жасады. Муну менен бирге мамлекеттик органдар милиция менен биргеликте иш алып барышы керектигине токтолду.

Үй-бүлөлүк зомбулук” жана “Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу” фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш-аракеттерди биргеликте алып баруубуз зарыл. Жашы жете элек балдарды никеге турууга мажбурлоо, ала качуу фактылары боюнча дагы зарыл болгон иштер аткарылып жатат. Мындай окуялардын орун албашы үчүн айыл имамдарынан баштап, айыл өкмөттөрдүн башчылары, билим берүү мекемелери милиция менен бирге иштеп, алдын алуу иштерине жоопкерчиликтүү мамиле кылуубуз абзел“, - деди Сардарбеков.

Андан соң мамлекеттик органдардын өкүлдөрү дагы жогоруда көрсөтүлгөн маселелер боюнча өздөрү тараптан аткарылып жаткан иштерге токтолуп, жыйынга келгендердин суроолоруна жооп беришкендиги айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан