Бул тууралуу 7-декабрда БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын адиси Елизавета Залкинд билдирди. Анын айтымында, мугалимдер акыркы убактарда ооруп сабак калтырган балдардын саны азайганын билдиришкен.
Ошондой эле ал ашпозчулардын балдардын тамакты калтырбай жеп жатышканын айтканын маалымдады. Мындан сырткары Елизавета айым окуучулардын өздүк гигиенасы жакшырганын, алгач колун жууп, андан соң тамакка отургузулуп жатканын кошумчалады.
"Бүгүнкү күндө 2200 мектептин 51инде гана башталгыч класстарга берилүүчү тамак-аштын сапаты жакшырган. Учурда балдарга нан, таттуу токоч, чай, айран, какао, компот жана жумасына 2-3 жолу күрүч, гречка боткосу же шорпо берилүүдө,- дейт БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын адиси Елизавета Залкинд .