Өзбекстан парламентинин мыйзам чыгаруу (төмөнкү) палатасы кечээ, 14-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасы жана Кемпир-Абад боюнча келишимдин долбоорун ратификациялады. Бул тууралуу Өзбекстан парламентинин сайтында жарыяланды.
Билдирүүдө Олий Мажилис депутаттары "Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы өзбек-кыргыз мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоорлорун, "Өзбекстан өкмөтү менен Кыргызстандын министрлер кабинетинин ортосундагы Анжиян (Кемпир-Абад) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" келишимдер талкуудан кийин кабыл алынгандыгы айтылат.
Ошондой эле бул мыйзам долбоорлору алгач бардык парламенттик фракциялардын жыйындарында кеңири талкуулангандыгы белгиленди.
"Жыйынга премьер-министр Абдулла Арипов баштаган өкмөт мүчөлөрү катышып, мыйзам долбоорлору боюнча маалымат беришти.
Акыркы жылдары мамлекет башчынын жетекчилиги менен эл аралык натыйжалуу кызматташтыкты жолго коюуга, биринчи кезекте улуттук кызыкчылыктарыбызды, элдин тынчтыгын жана бейпилдигибизди камсыздоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканы айтылды. Ачык жана прагматикалык, активдүү тышкы саясаттын натыйжасында Өзбекстан эл аралык аренада ишенимдүү өнөктөш катары таанылды. Ал эми президент Шавкат Мирзийоевдин бекем саясий эркинин жана туруктуу колдоосунун аркасында өлкөбүздүн жана коңшу мамлекеттердин чек ара тилкелеринин эң татаал тилкелери боюнча кыска убакыттын ичинде эки тарапка тең алгылыктуу чечимдер кабыл алынды.
Мыйзам долбоорлорунда жалпы узундугу 302,29 чакырым болгон чек ара сызыгын, анын ичинде өзбек-кыргыз мамлекеттик чек арасынын 35 тилкесин делимитациялоону аяктоо каралганы баса белгиленди. “Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы өзбек-кыргыз мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө келишимди” ратификациялоо да аныкталды.
Депутаттар белгилегендей, бул документтердин кабыл алынышы Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө, өзбек-кыргыз мамлекеттик чек арасын аныктоо маселелери боюнча комплекстүү чечим табууга кызмат кылат. Бул ошондой эле биздин өлкөлөргө өнөр жай кооперациясында, айыл жана суу чарбасында, соодада, инвестицияда, энергетикада, транспортто, курулушта, экологиялык, туризмде, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө болгон зор потенциалды пайдаланууга мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары чек ара соода жана өнөр жай аймактарын түзүүгө, чакан жана орто бизнести активдештирүү, аймактар аралык мамилелерди өнүктүрүү жана экономикалык кызматташтыктын башка жаңы багыттарын калыптандыруу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр ачылат.
Кызуу талкуудан кийин мыйзам долбоорлору депутаттар тарабынан кабыл алынды", - деп жазылат анда.
Эми документтердин долбоорлору Сенатта (парламенттин жогорку палатасы) каралышы керек.