Бүгүн, 7-декабрда Оштун борбордук аянтында экс-мэр Мелис Мырзакматовдун жумуш ордуна кайтып келүүсүн талап кылган эл митинг өткөрүшүүдө. Учурда митингге келгендердин саны өсүүдө. Алардын саны болжол менен 3000ден ашты. Митингге атчандар тобу да келип кошулууда. Алар Мелис Мырзакматовдун эл менен жолугушуусун күтүшүүдө.