"2013-жылдын 9 айында 11 миң бала гепатит оорусуна кабылган. Бул эң коркунучтуу көрсөткүч” деп билдирди 6-декабрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы адиси Алтын Ураимов.
Ал өз сөзүндө бул оорунун күч алышына мектептерде тазалыктын жана балдардын өздүк гигиенасынын сакталбашы себеп экендигин айтты. “Айрым мектептерде таштанды төгүүчү чакалар жок, чуңкурларга төгүшөт. Дааратканалардын тазалыгына көзөмөл салынбайт”,- деп кошумчалады Алтын Ураимов.