Куттуктоодо “Урматтуу телекөрсөтүү жана радио кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңар менен куттуктайм!
Бүгүнкү турмушубузду телекөрсөтүү жана радиосуз элестетүүгө мүмкүн эмес. Сиздердин эмгегиңер менен ар бирибиз бардык окуялар тууралуу маалымат алып, коом турмушуна терең аралашып, дүйнө таанууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Азыркы учкул заманда сиздер турмушубуздун ажырагыс бөлүгү болуп калдыңыздар. Телекөрсөтүү жана радио адамдарды бириктирип, жаратмандыкка багыттай алчу зор күчкө ээ. Өлкөдөгү тынчтыктын жана ынтымак-ырашкерликтин сакталышы сиздердин кесипкөй ишиңерге жана жоопкерчиликтүү мамилеңерге көз каранды экендиги шексиз. Демек, өлкөбүздүн жаркын келечеги да сиздердин колуңарда. Кесиптик майрамыңарда сиздерге жаңы чыгармачылык ийгиликтерди, чың ден соолук жана бакубат турмуш каалайм!” деп жазылат.