Салык кызматы электрондук рейддик салык көзөмөлүн ишке киргизди

Мамлекеттик салык кызматы электрондук рейддик салык көзөмөлүн ишке киргизди. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

"Электрондук рейддик салык контролу" (Э-Рейд) системасын жүргүзүү үчүн атайын салык режими бөлүгүндө контролдук иш-чараларга катышкан аймактык салык органдарынын кызматкерлери зарыл болгон техникалык талаптарга жооп берген 300 планшет менен камсыз болушту.

Э-Рейд – борборлоштурулган жабык автоматташтырылган система, анда контролдук-рейддик иш-чараларды жүргүзүүдө зарыл болгон маалыматтар базасы жайгаштырылган. Анда жүргүзүлгөн рейддик көзөмөл жана тобокелдиктер жөнүндө маалыматтар сакталат, анын негизинде рейддик текшерүүгө алына турган субъектилерди текшерүү жөнүндө чечим кабыл алынат.

Ошол эле учурда салык төлөөчү “электрондук графикалык кол тамга” же “eIDнин жардамы менен кол тамга” функциясы менен электрондук документке кол коё алат.

Мындан тышкары рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө салык органдарынын кызматкерлери жеринде планшеттердин жардамы менен "Ишкердик субъекттердин дислокациясынын электрондук картасына" тиешелүү маалыматтарды, өзгөртүүлөрдү киргизишет.

Э-Рейдди колдонуу маалымат издөөгө же документтерди толтурууга кеткен убакытты кыйла кыскартат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан