Бүгүн, 7-декабрда Ош шаарынын борбордук аянтында өтүп жаткан митингде Мелис Мырзакматов эл алдына чыгып сүйлөгөн сөзүн жыйынтыктап жатып Алимжан Байгазаковго
"Менин саясатым өзгөрүлүп кетпесин. Бир ручкам ордунан жылбасын. Көпүрөнүн иши башка нукка бурулуп кетпесин. Мен жок жер сатылып кетпесин. Шайлоодон кийин келип кайрадан саясатымды улантам" деди.
М.Мырзакматов сөзүн жыйынтыктап, эл алдынан кетти.