Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-ноябрда Бишкек шаарынын Тунгуч кичи районундагы №73 жаңы жалпы билим берүү мектебинин ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Мамлекет башчысы мектептин кызыл лентасын кесип, 550 окуучуга ылайыкталган 3 кабаттуу жаңы имарат менен таанышты.
Президентке окуу класстары, чеберканалары, спорттук зал, ашкана, лабораториялар жана башка жайлар көрсөтүлдү.
Садыр Жапаров билим берүү мекемелерин куруу мамлекеттин милдети экенин, сапаттуу билим берүү мугалимдердин моюнунда экенин баса белгиледи.
Ошондой эле президент мугалимдер жана окуучулардын ата-энелери менен баарлашып, бир жылдын ичинде мамлекет тарабынан Бишкекте 15 мектеп курулганын, бул коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражаттын аркасында мүмкүн болгонун баса белгиледи.
Белгилей кетсек, бүгүн, 21-ноябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда ушул жылы Бишкек шаарында курулган жаңы билим берүү мекемелеринин ачылышы болот.
Мектептер мамлекет башчысынын тапшырмасы менен республикалык бюджеттин каражатына курулган.