Камчыбек Ташиев Таласта УКМКнын жаңы имаратын ачты (фото)

Бүгүн, 21-ноябрда Талас облусунун Кара-Буура районунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу атайын кызматтын маалыматында айтылат.

Белгилүү болгондой, анын ачылыш аземине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Талас облусундагы өкүлү Бактыбек Нарбеков, Кара-Буура районунун башчысы Бектур Сагымбаев, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты.

Атайын кызматтын жаңы имараты керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган.

Ташиев Кыргызстандын бардык аймактарында УКМК кызматкерлери үчүн шарттар түзүлүп жатканын, кызматтык милдеттерди так аткаруу зарылдыгын эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан