Эмгек министрлиги Алайдагы памирлик кыргыздардан кабар алды

Бүгүн, 21-ноябрда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова Алай районунун Талды-Суу айылындагы памирлик кыргыздардан кабар алды. Маалыматты министрликтен кабарлашты.

Маалымдалгандай, аталган айылга Жогорку Кеңештин депутаттары дагы барган.

Учурда Алайда Памирден келген 17 үй-бүлө жашап келет. 35 бала жөлөк пул менен, 2 адам карылыгы боюнча пенсия алышат. Ошондой эле мектеп жашындагы жана андан чоңдору дагы билим берүүгө тартылган.

Мамлекет тарабынан каралган бардык социалдык кепилдиктер жеткиликтүү. Анда кайра бөлүштүрүү фондунан жер бөлүү боюнча маселени которушту. Жергиликтүү бийлик аталган маселени чечүү боюнча иштерди алып бармакчы.

Эске салсак, 2019-жылы Ооган аймагынан 11 үй-бүлө көчүрүлүп келген. Андан соң Алай районунун Сары-Могол айыл аймагындагы мектептин имаратына жайгаштырылган. Кийинчерээк Талды-Суу айылына 24-октябрда көчүрүлүп, атайын Памирден келгендер үчүн курулган үйлөргө жайгаштырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан