85 жаштагы студент Мамат Кулматов окуу акысын төлөөдөн бошотулду

Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин 1-курсунун студенти 85 жаштагы Мамат Кулматов окуу үчүн акы төлөөдөн бошотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган окуу жайдан билдиришти.

Буга чейин айына 2500 сом төлөп, шарты жок батирде жашап жаткан аксакалды окуу жай жатакана менен да камсыздады.

“Учурда шарты жакшы жатаканада жашап жатам. Мындай шартты окуу жай түзүп берди. Кубанып турам. Келишим боюнча жылына 45 миң сом төлөшүм керек эле. Эми акысыз окуйсуз дешти”, - деди Кулматов.

Мамат Кулматов буга чейин 76 жашында Аравандагы медициналык колледжге тапшырып, 79 жашында аяктаган. 1959-жылы ОшМУнун биохимия адистигине тапшырып, бирок ошол мезгилдеги турмуштук кыйынчылыктардан улам окуусун аяктай албай калган.

Аксакал SUPER.KG порталына берген интервьюсунда быйыл окууга тапшырууну чечип, үй-бүлөсүнүн колдобогонуна карабай билим алып жатканын билдирген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан