Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-ноябрда Бишкек шаарында 2022-жылдын 5 ай ичинде 15 жалпы билим берүү мекемесин жана 1 бала бакча курган курулуш компанияларынын өкүлдөрүн сыйлады. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Мамлекет башчысы сөз сүйлөп, өлкөнүн азыркы жана келечектеги дүйнөдөгү ордун аныктай турган билим берүү системасын өнүктүрүүнүн чечүүчү ролун белгиледи.
Президент Садыр Жапаров борбор калаадагы айтылган билим берүү мекемелерин кыска мөөнөттө курган курулуш компаниялардын өкүлдөрүн сыйлады.
Иш-чара концерттик программа менен коштолду.