Кечээ, 21-ноябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Маалымдалгандай, жолугушууда элчи Кытайдын тышкы иштер министри Ван Инин Жээнбек Кулубаевге даректелген катын берди.
Тараптар эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелери, соода-экономикалык кызматташууну илгерилетүү, Кытай өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен инфраструктуралык долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча пикир алмашты. Тараптар ошондой эле көп тараптуу форматтагы өз ара аракеттенүү маселелерин, эки тараптуу маанилүү иш-чараларды өткөрүү боюнча пландарды талкуулашты.
Министр Кыргызстандын жүк ташуучуларынын Кытайдын деңиз портторундагы жүктөрүнүн токтоп турушу, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы үзгүлтүксүз жүк агымын камсыз кылуу максатында көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин оптималдаштырууга байланыштуу көйгөйлөрдү белгиледи.
Жолугушуу достук маанайда өттү.