Кыргызстанда 9-декабрда Евразиялык жогорку экономикалык кеңештин жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Учурда ЕАЭБ кеңешине президенттердин кимиси катышаары такталып жатканы кабарланды.
Буга чейинки жыйын ушул жылдын май айында президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн.
Жыйын видеоконференция аркылуу уюштурулган.