"Камбар-Ата-2" ГЭСинин экинчи агрегатын иштетүү үчүн сынак жарыяланды. Бул тууралуу маалымат “Электр станциялары” ишканасынын сайтында жарыяланды.
Сынакка ылайык, агрегатты ишке киргизүү үчүн долбоорлоо, жабдууну жеткирүү жана орнотуу керек.
Белгиленгендей, "Камбар-Ата-2" ГЭСинин экинчи агрегатын эксплуатацияга берүү үчүн Кыргызстан Евразия өнүктүрүү жана турукташтыруу фондунан каражат алган.
Ал эми аталган гидроэлектрстанциянын биринчи агрегаты 2010-жылы ишке берилген.