Бүгүн, 22-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 миллиард 7 миллион метр кубду түздү. Мындай маалымат "Электр станциялары" АККсынан сайтында көрсөтүлөт.
Анда жазылгандай, суу сактагычка суунун агып кириши секундасына 221 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 599 куб метрге жетүүдө.
Былтыр, 2021-жылы 22-ноябрда суу сактагычта 11 миллиард 297 куб метр суу бар болгон.