Оштун Алай районунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматында айтылат.
Кабарлангандай, жер титирөө 21-ноябрда саат 19:34тө катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.
"Жер титирөө Алай районунун Сары-Могол, Талды-Суу айылдарында 3,5 балл, Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылында, Кара-Кабак айылында, Алай районунун Арча-Булак айылында 3 баллга чейин сезилген", - деп айтылат билдирүүдө.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.