Кореяда иштеген Кыргызстандын 75 жараны бир жолку төлөмдөрдү алышты. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, бүгүнкү күндө Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтоолордун бир жолку төлөмдөрдү алуу үчүн кайрылгандардын саны 75 адамды түздү. Анын ичинде ушул жылдын январь-октябрь айларында 10 адамды түзөт.
Алардын ичинен 63 адамдын өтүнүчү каралып, бир жолку төлөм берилсе, 9 кишиге төлөнгөн эмес.
Бир жолку төлөмдөрдүн орточо өлчөмү 3142 долларын түздү.