Кадамжайда айыл тургундарына экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет.
Ага ылайык, иш-чара Майдан айылындагы Исфайрам атындагы орто мектепте өткөрүлдү.
"Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери кылмыштуулуктун алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулуктарга жол бербөө, ошондой эле үй-мүлктөрүнө сак болуу, өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Андан сырткары өлкөбүздө тыюу салынган диний-экстремисттик, террордук уюмдардын ишмердүүлүгү жана алардын өзгөчөлүктөрү, диний экстремизмге жана террорчулукка байланыштуу туура эмес маалыматтарды жайылтууда мыйзам тарабынан каралган жоопкерчиликтер тууралуу маалыматтар берилди",- деп жазылат маалыматта