Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги памирлик кыргыздарга үй куруп берүү үчүн башкы этапта 10 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу министрликтин маалыматында айтылат.
Кабарлангандай, министрлер кабинетинин кабыл алынган программасына ылайык памирлик кыргыздар үчүн жалпы 95 турак үй куруу пландалган.
Бул үчүн Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Бурган-Суу айылынан 60 гектар жер аянты трансформацияланып, айылдын башкы планы даярдалган.
Быйылкы жылы курулушту баштоо үчүн министрликтен 10 миллион сом которулган.