Министрлер кабинетинин 4-ноябрдагы токтому менен тамекиге жана курамында никотин бар продукцияга жаңы минималдуу чекене баалар белгиленди. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, токтомго ылайык 2023-жылдын 1-январынан тартып акциздик товарлардын төмөнкү түрлөрүнө минималдуу чекене баалар киргизилет:
- Тамеки (фильтри бар жана фильтрсиз) - 20 даанасы 100 сом. Учурдагы минималдуу чекене баасы 20 даанага 90 сом;
- Цилиндр формасындагы жылытылган тамеки (ысытылган тамеки таякчасы - таякча, тамеки менен жылытылган капсула) - 20 даанасы үчүн 100 сом;
- Никотин суюктугу бар бир жолу колдонулуучу электрондук никотин жеткирүү системалары - бирдигине 250 сом. Ал эми 2024-жылдын 1-январынан тарта алар үчүн баа 300 сомду түзөт;
- Электрондук тамекилер жана ушул сыяктуу жеке электр бууландыргычтар (никотинди жеткирүүнүн электрондук системалары) - бир даанасы үчүн 1300 сом. Ал эми 2024-жылдын 1-январынан тарта баа 100 сомго көтөрүлөт.
«Эң төмөнкү чекене баанын жогорулашы тамеки жана никотин камтыган азыктарды керектөөнүн кыскарышына алып келет, бул калктын ден соолугуна оң таасирин тийгизет», - деп айтылат мекеменин маалыматында.