Прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата Башкы прокуратурада салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Кабарлангандай, салтанаттын жүрүшүндө башкы прокурор Курманкул Зулушев прокуратура органдарынын ушул жылдын 9 айына карата жетишкендиктери тууралуу маалымат берип, кызматтык милдеттерин артыкчылык менен аткарган кызматкерлерди сыйлады.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиев жана прокуратура органдарынын ардагерлери катышты.
Министрлер кабинетинин төрагасы президент Садыр Жапаровдун куттуктоосун окуп, жалпы прокуратура кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.