Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаментинин жетекчиси алмашты

Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаментинин директору болуп Айнура Абалиева дайындалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Жаңы жетекчини эмгек жамаатына президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти Жыпариса Рыспекова тааныштырды.

21-ноябрда департаментин буга чейинки жетекчиси Нурдин Кагаздиев иштен алынганы белгилүү болгон. Ал 2021-жылдын октябрында Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаментинин директору болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан