25-ноябрда Бишкектин айрым жерлеринде таза суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"25-ноябрда 9.00дөн 18.00гө чейин Панфилов – Түгөлбай Ата – Бөкөнбаев – Логвиненко көчөлөрү менен чектелген аймакта ичүүчү суу токтотулат", - деп айтылат билдирүүдө.
Төмөнкү турак жай имараттарда суу өчүрүлөт:
- Логвиненко көчөсү № 8, 8/1, 8/2, 8/3, 10, 12, 14, 14б, 3, 3а, 7, 13а, 13/1, 13;
- Бөкөнбаев көчөсү № 144а, 144, 142, 138, 138/2, 138/2А, 132, 130, 128;
- Панфилов көчөсү № 136, 134, 120;
- Чуйков көчөсү №133, № 113а.
- Логвиненко көчөсү №8, №10 даректеринде жайгашкан насостук станциялар.
Ошондой эле уюмдар:
1. Логвиненко көчөсү №18 - Бишкек медициналык колледжи;
2. Логвиненко көчөсү №8 - Республикалык СПИД борбору;
3. Логвиненко көчөсү № 8/2 - "Медси" медициналык борбору;
4. Логвиненко көчөсү № 14 - "Айыл Банк" кеңсеси;
5. Логвиненко көчөсү № 14б - "Yusa" рестораны;
6. Логвиненко көчөсү. № 13 - Ч.Айтматов атындагы кино үйү;
7. Бөкөнбаев көчөсү № 144а —С.Б.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу медициналык институту;
8. Бөкөнбаев көчөсү №144 – "Евролаб" лабораториясы;
9. Бөкөнбаев көчөсү №142 – "Тесто-Место" кафеси;
10. Бөкөнбаев көчөсү № 138 — Кыргыз инженердик изилдөөлөр башкы институту;
11. Бөкөнбаев көчөсү №132 - "Фурусато" кафе ;
12. Бөкөнбаев көчөсү №130 - "Turkish airlines" авиакомпаниясы;
13. Бөкөнбаев көчөсү №128 – "Медипарк" диагностикалык борбору.
Маалымдалгандай, суу диаметри 400 миллиметр болгон түтүктү оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.
Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты ичүүчү сууну камдап алууларын суранат.