Чүйдө “Өспүрүм-түн” аталышындагы иш-чара өткөрүлдү

Чүйдө балдар арасында “Өспүрүм-түн” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

"Иш-чаранын жүрүшүндө түнкүсүн ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн коштоосу жок жүргөн балдарды, аларга тыюу салынган же чектелген жерлерди, коомго сыйбаган жүрүм-турумунун себептерин аныктоо максатында 23 соода комплекси, 4 темир жол станциясы, 4 унаа жуучу жайы, 7 курулуп жаткан жай, 2 теплотрасса, 18 кашар текшерилди.

Андан сырткары, үй-жайсыз, кароосуз калган жана тилемчилик менен алектенген балдарды, аларды кылмыштуулукка жана коомго каршы аракеттерди жасоого тарткан адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлдү. Чүй районунун аймагында селсаяктык жана тилемчилик кылып жүргөн 8 жаран аныкталды, бирок анын ичинде өспүрүмдөр жок", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан