Тажикстандын агрессиясы: Баткен жана Оштун тургундарынын дээрлик 19,5 миллион сомдук насыясы жоюлду

Баткен жана Ош облусунда куралдуу кагылышууда жабыркаган карыз алуучулардын 19 миллион 459 миң сомдук насыясы жоюлду. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ушул жылдын 17-ноябрына карата карыз алуучулардан 443 кайрылуу түштү. Алардын ичинен 19 миллион 459 миң сом суммасында 283 насыя эсептен алынып, 36 миллион 485 миң сом суммасында 155 насыя реструктуризацияланган", - деп айтылат билдирүүдө.

Азыркы тапта тиешелүү уюмдар аталган региондордун жабыркаган карыз алуучуларынан келип жаткан бардык арыздарды кароону улантып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан