Борбор калаада "Тазалык" муниципалдык ишканасы кошумча таштанды контейнерлерин орнотууда. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, Октябрь районуна буга чейин 36 таштанды контейнери орнотулган. Дагы 30 контейнер орнотуу пландалууда.
Ошондой эле шаардын 4 районунда тең таштанды контейнерлерин оңдоо иштери уланууда.
"Урматтуу шаар тургундары, тазалыкты сактап, шаардын мүлкүнө кам көрүүңүздөрдү суранабыз", - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.