Бишкекте 93 жарнама баннери демонтаждалды

Октябрь районунда Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаевдин жетекчилигинин алдында жарнамалык конструкциялар алынууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жер пайдаланууну контролдоо боюнча департаментинин кызматкерлери "Тазалык" муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү менен биргеликте жеринде иштеп жатышат.

Анын алкагында Юнусалиев көчөсүнөн 93 даана баннер, 18 штендер, 7 лайтбокс алынды.

Мыйзамсыз жарнактын ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

"Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Борбор калаанын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу үчүн жарнамалык конструкцияларды өз алдынча орнотпоону өтүнөбүз", - деп жазылат мэриянын билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан