Эдил Байсалов Human Rights Watch уюмунун өкүлү Хью Уильямсон менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Human Rights Watch» Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн директору Хью Уильямсон менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Эдил Байсалов белгилегендей, Кыргыз Республикасы демократиялык өнүгүүнү, Конституцияга ылайык адам укуктарын сактоону жана коргоону, ошондой эле адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенмелерди аткарууну жактайт.

Анын айтымында, республика Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин курамына үчүнчү жолу шайланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун жана адам укуктары жаатындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Тараптар өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан