Ысык-Көл. Жети-Өгүздүн 5 айылында тынчтык митинги өтүп жатат

Бүгүн, 7-декабрда Жети-Өгүз районунун 5 айылында тынчтык митинги өтүп жатат. Бул тууралуу митингдин катышуучусу Абай Узаков билдирди. 

Анын айтымында, учурда Жети-Өгүздүн Саруу, Дархан, Жеңиш, Жаргылчак, Оргочор айылдарында боз үй тигилип, лозунгдар илинип, тынчтык митингдери өтүп жатат. Эл "Кумтөр" боюнча кармалган балдарды бошотуу жана "Кумтөрдү" элдин пайдасына чечип берүү талаптарын коюшууда.  

Ошондой эле ал кечээ, 6-декабрда саат 15тер чамасында укук коргоо органдары тарабынан кармалган айыл активисти Сейитбек Куланбаевдин кечинде бошотулганын жана эл дароо тосулган жол ачканын кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан