Республика боюнча 2800 жакыр үй-бүлөгө "Социалдык келишим" долбоорунун алкагында 100 миң сом өлчөмүндө каражат берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен маалымдашты.
Белгиленгендей, грант аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө чакан ишкерлик баштоо менен жакырчылыктан чыгуу максатында берилген.
Долбоордун катышуучулары айыл чарба, кызмат көрсөтүү, тигүү иши, үй чарбасы жана соода тармактарында ийгиликтүү ишкерлик жүргүзүп жатышканы маалымдалды.
Маалымат үчүн: Социалдык келишим долбоору 2022-жылдын башында ишке ашырыла баштаган. Анда аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен жергиликтүү бийликтин ортосунда социалдык келишим түзүлгөн. Тактап айтканда, бийлик жакырчылыктан чыгуу максатында үй-бүлөгө ишкердик баштоо үчүн кайтарымсыз негизде 100 миң сом бөлүп берген. Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн казынадан 292 миллион сом бөлүндү.