Кыргызстандын Түркиядагы 62 жараны пенсия алууга арыз берди

2022-жылдын он айында Түркияда жашаган 62 кыргызстандык Кыргызстанда иштеген жылдары үчүн пенсиялык топтоо алуу үчүн арыз берди. Бул тууралуу Социалдык фонддун маалыматында айтылат.

"Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирген 2020-жылдын 1-ноябрынан тартып Соцфонддун дарегине 115 суроо-талап келип түшкөн", - деп айтылат фонддун билдирүүсүндө.

Белгиленгендей, анын ичинен 105 суроо-талап иштелип чыгып, тиешелүү жооптор берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан