"Чүй туристтик дестинациясынын” расмий ачылыш аземи өттү

Кечээ, 22-ноябрда "Чүй туристтик дестинациясынын” расмий ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Кабарлангандай, иш-чаранын алкагында, Чүй облустук администрациясы, Япония мамлекетинин Кыргызстандагы эл аралык “JICA” кызматташтык агенттиги жана “Алтын Сары-Өзөн Чүй” туристтик дестинациясы Чүй аймагындагы туризмди өнүктүрүүгө арналган кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Иш-чаранын жүрүшүндө аймакта туризм тармагы боюнча эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте алгылыктуу иштер жүрүп жатканы белгиленди. Ошондой эле 2023-жылга карата бир катар иштерди аткаруу мерчемделгени айтылды.

Министрлик Чүй облусундагы Бүткүл дүйнөлүк мурас объекттерин сактоо жана өнүктүрүү аркылуу туризмди илгерилетүү боюнча Япония мамлекетинин Кыргызстандагы эл аралык “JICA” кызматташтык агенттиги менен биргеликте баштапкы мерчем долбоору иштелип чыга турганын белгилейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан