
24-27-ноябрь күндөрү Бишкекте негизги көчөлөргө убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жолдор Курултайга аймактардан келген катышуучуларды ташуу учурунда гана жабылат.
Убактылуу чектөө киргизиле турчу көчөлөр:
- Манас /Чыңгыз Айтматов кең көчөсү - Жибек Жолу кең көчөсүнөн Түштүк магистралга чейин;
- Жибек Жолу кең көчөсү - Фучик көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин;
- Абдрахманов көчөсү - Жибек Жолу кең көчөсүнөн Түштүк магистралга чейин.
Белгилей кетсек, 25-26-ноябрь күндөрү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Элдик курултай өтөт.