Таштандыны жер астына чогултуу боюнча долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.
"Буюрса, таштандыны жер алдына чогултуу боюнча долбоор ишке ашырылуунун алдында турат. Мен бир катар өлкөлөрдө болуп, алардын технологияларын көрүп келдим. Инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жакынкы убакта биз долбоорду коомчулукка алып чыгабыз. Албетте, ММК колдоо көрсөтөсүздөр деп ишенем" , - деди Абдыкадыров.
Белгилей кетсек, бүгүн, 23-ноябрда Бишкек мэри маалымат жыйынын өткөрүп жатат.