Кыргызстандагы эң таза суу бул крандан аккан суу. Мындай пикирин бүгүн, 23-ноябрда Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйынында билдирди.
"Азыр биз ичкен крандан агып жаткан суу эң таза суу. Мен кепилдик менен айта алам. Мен бул кызматка келгиче таза суу боюнча бир нече долбоордо иштегем. Лабораторияда текшерип көргөнбүз. Азыр биздин крандагы агып жаткан суу сиздер ичип жаткан пластик бөтөлкөдөгү сууга караганда эң таза.
Азыркы учурда таза суу боюнча да бир нече долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. Сууну хлор менен эмес, озон сыяктуу заттар менен тазалоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - деди Абдыкадыров.
Белгилей кетсек, бүгүн, 23-ноябрда Бишкек шаарынын мэри маалымат жыйын өткөрүп жатат.