Кытайдын 120 автобусу Бишкекке 15-декабрга чейин келет

Бишкекке Кытайдын газ менен жүрүүчү 120 автобусу 15-декабрга чейин келет. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, автобусту курган ишкананын директору менен сүйлөшүүлөр жүрдү.

"Автобустардын жүрө турган үч маршруттук схемасы түзүлдү. Негизинен алар шаардын борбордук көчөлөрүндө каттайт. Өз кезегинде, учурда борбордук көчөлөрдө каттап жаткан айрым автобустардын жүрүү схемасын өзгөрттүү пландалууда. Белгилей кетсек, автобустар шаардык бюджеттин эсебинен алынууда. Алар бардык шарттарга жооп берет", - деди ал.

Мэр ошондой эле 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында дагы 500 автобус келерин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан